www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы ырчылардын королу, оор басырыктуулугу, акылдуулугу менен айрымаланып, топту жарып, баардык курактагы угармандарын тапкан ырчы Сыймык Бейшекеевдин ырлары казак тилинде ырдала баштады.

Эске сала кетсек ырчы Сыймык Бейшекеев, бир топ жылдан бери эстрада жанрында жана башка музыкалык аспаптар менен  өз өнөрүн элге тартуулап келет.

Так ушул тапта компьютердин жардамы менен ырдап, акчанын күчү менен сыйлык алган ырчылар, уялбай эле улуу муундагы ырчылар менен тыгыз иштешсе деген тилек.

Баса, эптеп чыгарган эки ыры менен асманды карап калган, ал тургай мектеп окуучуларынын ырларын ырдаган ырчыларды жакын арада сунуштайбыз.

Бүгүн, төмөндө атактуу ырчы Сыймык Бейшекеевдин “Алматыга келесиңби?” деген аталыштагы ырын казак ырчысы Бексултан Бараттын аткаруусунда уга аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости