www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таабалды Орозалиев аттуу  касыйдачы молдо менен белгисиз айымдын сүйлөшүүсү социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган. Бүгүн, 3-августа NazarNews.kg маалымат агенттигине касыйдачы молдо Таабалды Орозалиев келип, социалдык тармактарга тараган сүйлөшүүнүн чоо-жайын айтып берди.

Мен диндар адаммын. Бул менин жети атамдан бери келаткан касиет. 2002-жылдан баштап Алла Тааланын берген касиети, илими менен адам баласына жардам берип, адамга кирген жинди аныктап, куран аяттарын окуу менен жин чыгарып келем.  Менин ниетим – адамга жакшылык кылыш, адашып жүргөн болсо туура жолго салып коюш.

ЦУМдун жанында “Салттуу элдик дарыгерлер борбору” деген бар, ошондо алты ай адамдын анатомиясын окугам. Кырк жашымда Жал кичирайонундагы медреседе куран илимине окуп, араб тамгасын тааныгам.

Мен аял-эркеги дебей, баарын эле кабыл ала берем. Кээде гана кыйналгандар болсо жалгыздап окубасам, адатта көпчүлүк менен окуйм. Дуба чыгарыш, жин чыгарыш жөн эле окуп коюш менен чектелбейт, ал 1,5-2 саат окулат. Мен көп учурда теолог Кадыр Маликовдун жин-шайтандарды окуп, чыгаруу боюнча китебин пайдаланам.

Мени жаманатты кылып жүргөн Жибек аттуу келин менин өзүмө келип дарыланып жүргөн. Анын ичинде ээлеп алган жин бар болчу. Бул бир эле күндө болгон окуя эмес, бул деген апрель-май айларында 7-8 күнгө чейин окулган окуя. Аны далилдеген тасмаларым да бар, алда кандай болот деп тарттырып койгом. Азыркы заманга ишениш болбойт, кенедей кынтык табалбай эле турат.

Мурун окуп жатканда бул келиндин атасын да чакырткам, бирок келген эмес. Күйөөсү менен жашабай калганына бир топ болгон экен, анысын да чакырткам. Күйөөсүнүн, сиңдисинин көзүнчө жинин чыгарып, күйөөсү менен элдештирип жөнөткөм. Бирок, менден кеткенден кийин күйөөсү эки күн жашап, кайра эле таштап кетип калыптыр. Жин менден чыгаары менен келиндин денесине кайра кирип, күйөөсү менен ажыраштырып жиберсе керек. Күйөөсү кетип калгандан кийин “кыйнылап жатам” деп өзү келди. Анан кайра окудум, жин “мен муну өлтүрөм” деп болбой койду. Жин менен сүйлөшүп “өлтүрө албайсың” десем, “сен эмне, дайым эле кашында болмок белең?” деп койгон. Анан жинди коркутуш максатында, тактика катарында ошол келин экөөбүзгө нике кутпасын окугамын, ал жерде аялым да, башка элдер да бар болчу. Бул болгону жинди чыгарыш үчүн жасалган тактика гана болчу, ошондо жанагы жин чыккан. Телефондогу сүйлөшүүдө мен “оливка майын алып кел, майлап туруп катнаш жасайбыз” деп, жинди коркутуш үчүн гана атайылап сүйлөгөн болчумун. Аны жаздырып алып, таратып жиберишин кайдан билдим. Муну мен ошол келиндин өзүнөн көрбөйм, бул ишти менден өч алыш үчүн анын ичиндеги жин кылдырып жатышы мүмкүн.

Ал эми жанагы телефондо сүйлөгөн сөздөр – бул тактика деп коёт. Эгер ичинде жин болсо, ал угат, сестенсин деген гана сөз. Аны менен жыныстык катнашка барайын деген ниетим дагы жок болчу. Шариятта андай сүйлөгөн болбойт негизи, бирок тактика үчүн, жинди коркутуу максатында ушинтип айткам. Ишенбесеңер тасманы көрсөңөр кандай окуп, жинди кандай чыгарып жатканымды билесиңер. Менин жашым алтымышта, азыр кыз-келиндерди карамак түгүл, ачыгын айтканда, аялыма көңүл бурганга да шартым келбей калат кээде. Өзгөчө жин-шайтандарды чыгарган күндөрү аябагандай көп энергия кетет. Анан кайдагы кыздар же “сексуальный” болуп кетпесем. Бул уят нерсе. Менин кандай киши экенимди эл-журт, айылдаштарым билет. Мени көргөн-билген, уккан адамдар деле “бул кандай болуп кетти, жаманатты болуп жатасың?” - деп айтып жатышат. Мен өзүм да азыр шок абалындамын, деген пикирин билдирди касыйдачы молдо Таабалды Орозолиев.

Төмөндө аталган молдонун жин чыгарып жаткан тасмадан көз ирмем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости