www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиланддан келген россиялык туристтер коронавируска шектелип балдар лагерине камалды. Бул тууралуу видео-тасманы “Двач” Телеграм-каналына күбөө жарыялады.
Каналдын маалыматына ылайык, 240 ашуун саякатчыларды Сахалиндеги “Юбелейный” лагерине жөнөтүштү. Алардын ичинен 29 адам коронавируска шектелип жатат.
Видео-тасмада көрүнүп тургандай, жабууга аракет кылып жаткан дарбазанын артында бир топ россиялыктар турат жана“Силер эмне кылып жатасыңар”,-деген үндөр угулуп жатат.
Видеонун авторунун айтымында, аталган жарандарды мажбурлап камап салышкан.
Россияда акыркы суткада коронавирусту жуктурган 196 жаңы учур катталган. Жалпы өлкө боюнча, 1036 адам жуктурду. Коронавирус биринчи Мордовия менен Дагестанда катталган. Көбүнчө Москвада (157) жана Крымда (12) вирусту жуктурушкан.
Булак: NazarNews.kg