www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көздөлгөн жерге жетпеген жүргүнчү таксист менен чырдашып, окуяны айдоочу өзү видеого тартып алган. Видеодо байкалгандай жүргүнчү айдоочуга ачууланып, аны коркутуп, сөгүп жана муштаганга дагы жетишкендигин көрө алабыз.
Чырдын жүрүшүндө айым бир нече жолу “мени жеткирип кой, “мразь” дегенин угууга болот.
Лайф басылмасы роликтин каарманынын өздүгүн тактоого жетишкен. Көрсө, ал Instagram тармагында yana_dankova ниги менен белгилүү болгон фитнес-машыктыруучусу экендиги такталды.
Чыр салган 28 жаштагы айым өз постторунда адамдарды туура жашоого, өзү менен өзү жана табийгат менен биргеликте айкалышып жашоого үндөп келет.
Яна иштеген клуб администрациясынын айтымында ал жумуштан бошогон. Бирок себебин айткан эмес.
Аталган басма Янанын өзүн алып жүрүшү боюнча психологго кайрылган. Адистин баамында айым өз эмоцияларын башкара албагандыктан, ушундай көйгөйлөргө туш келет.
Психолог Алексей Казанцев Янанын психологиялык патологиясы бар экендигин билдирген: “Бул мурда психопатия деп аталчу”,- деп айткан ал.
Бирок Янанын кесиптеши аны “бардыгы жакшы көргөн токтоо кыз” деп сүрөттөгөн. Ошондой эле ал машыктыруучу айымдын буга чейин чыр-чытакка кабылган эместигин, жумушун үзгүлтүккө учуратпагандыгын маалымдаган.
Жабыркоочу Рустам аттуу жигит, айымды кечиргендигин кабарлады.
Айдоочунун айтымында жүргүнчүнү ал таксидеги акылуу күтүү функциясын дароо өчүрүүнү унутуп калган. Натыйжада төлөмдүн суммасы 340 тенгени же 62 сомду түзгөн. Жүргүнчү бул суммага канааттанбай, чыр чыгарган. Ошондо айдоочу кардарын дарегине жеткирүүдөн баш тарткан.
“Таксист” деп аталган региондор аралык профсоюздун жетекчисинин орун басары Андрей Попков "360" телеканалына мындай кырдаал болгон убакта кардарлардан дароо кутулуш керек деген оюн билдирди. Адистин айтымында “күтүү убактысы” опциясы айдоочунун эмгек акысына таасир этпейт.
Эскерте кетсек, ушундай эле окуя кыргыз мигранты менен россиялык блогердин ортосунда да болгон. Анда ачууланган Актилек аттуу мекендешибиз чыр көтөргөн блогер айымды автоунаадан түшүрүп, кетип калган.
Булак: NazarNews.kg