www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстанда талибдердин бийликке келгенинин бир жылдыгын утурлай Кабулдун тургундары митингге чыгышты. Бул тууралуу Daily Sabah жазды.
Талибдер митингге чыккан аялдарды сабап, демонстранттарды таратуу үчүн асманга ок чыгарган.
Кабулда 40ка жакын аял демонстранттар Билим берүү министрлигинин имаратынын алдынан жөө жүрүш уюштурган. Алар “Нан, эмгек, эркиндик” деген ураандын алдында жаңы бийлик тушунда кыздардын басмырлануусуна каршы чыгышкан.
Эске салсак, Талибан Ооганстанда бийликке 2021-жылдын 15-августунда кыймылдын тарапкерлери Кабулду басып алганда келген. Талибан бийликти басып алгандан берки биринчи маалымат жыйынында аялдардын шарият боюнча укуктарын сактоого жана алардын мектепте баруусуна убада беришкен. Ал эми кыймылдын айрым тарапкерлери аялдар эркектердей иштеши керек деген пикирге келишти.
Бирок, убакыттын өтүшү менен талибдер аялдар үчүн бир катар тыюуларды киргизген, мисалы, эркектердин коштоосунда учакта учууга, спорт менен машыгууга тыюу салган, ошондой эле паранжа кийүүгө милдеттендирген.
Булак: NazarNews.kg