www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-августта Азербайжан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Армения менен чек арадагы жана Карабактагы позициялары аткыланды. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.

«Акыркы 24 саатта армян куралдуу бөлүктөрү Азербайжан армиясынын позицияларын жалпысынан сегиз жолу аткылашты», — деп айтылат маалыматта.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Азербайжан армиясынын Калбажар, Гедабек, Товуз жана Лочин аймактарындагы турумдарына Азербайжан-Армения мамлекеттик чек арасынын Басаркечар, Чымбаряк, Товузгала жана Горис аймактары багытындагы позицияларынан жети жолу ок атылды.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, дагы бир окуя Орусиянын бейпилдик күчтөрү убактылуу жайгашкан Азербайжандын аймагындагы мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрүнүн Азербайжан армиясынын Келбажар аймагы багытындагы позицияларын аткылоосу менен байланыштуу.

«Азербайжан армиясынын өздүк курамы жана техникасы арасында жоготуулар жок», — деп билдирди министрлик.

Коргоо министрлиги бардык учурларда азербайжандык күчтөрдүн бөлүктөрү «адекваттуу жооп берүү чараларын» көргөнүн белгиледи. Окуя тууралуу Орусиянын бейпилдик контингентинин командачылыгына жана орус-түрк биргелешкен мониторинг борборуна маалымат берилди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Орусиянын бейпилдик контингенти убактылуу жайгашкан Азербайжандын аймагында Армениянын мыйзамсыз куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрү Азербайжан армиясынын позицияларына катуу ок чыгарганын расмий Баку кабарлаган. Лочин облусу тарапта болгон, анын кесепетинен бир адам каза болуп, 14 адам жаракат алган.

Азербайжандын Коргоо министрлиги «Өч алуу» операциясы өткөрүлгөнүн жарыялады. Операциянын башталышына Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Лочин аймагы багытындагы турумдарына ок атканы себеп болгон. Кол салууда бир аскер каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости