www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-июнда коомдун көңүл борборунда турган «75чилер каты» боюнча козголгон кылмыш ишин караган сот процесси улантылды. 

Сотко келген негизги айыпталуучу фигуранттардын бири УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп бербе албай, үн катпай отурду. 

Журналисттер Ташиевге анын тергөөдө шыбырап сүйлөп, тергөөчүгө айткандары боюнча коомго тараган видеосу тууралуу кандай комментарий бересиз деп жарга такашты. 

Журналисттер видеодогу анын айткандары, буга чейин соцтармакта бийликке сын айтып камалып кеткен журналист, активисттерге салыштырмалуу алда канча коркунучтуу, кооптуу экенин белгилешти. 

Бирок Ташиев башын жерге салып ооз ачканга жараган жок. Сыягы, азуусун айга жанып турган кезинде, болбогон жерден бир катар адамдарды чыркыратып камаган өзүм билемдик жоругу көз алдынан чубуруп жатты көрүнөт. 

Өкүндүбү? Жок. Андай түрү байкалбайт. Кенебеген, мурдун балта кеспегендей мелтирейт. Тарткылыгы алдыда экенин билип тунжурайт.

Последние новости