www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусундагы Т.Тыныбеков атындагы облустук филармонияда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин алкагында филармониянын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Ж.Д.С., мурдагы башкы эсепчи М.Д.М. жана товар жеткирүүчү Н.К.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатканы маалымдалды.

Последние новости