www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен Кыргызстан боюнча 55 бүтүрүүчү эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, “Алтын сертификатка” ээ болду.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн 34ү Бишкек шаарынан, 5и Чүй облусунан, 4ү Жалал-Абад облусунан, 4ү Ысык-Көл облусунан, 3ү Баткен облусунан, 2си Нарын облусунан, 1ден Ош шаары жана Ош облусунан болсо, дагы 1 окуучу Орусиядагы мектептен.

Быйылкы ЖРТдагы эң жогорку көрсөткүч – 239 балл болду. Бул жыйынтыкка Нарын облусундагы Жүндүбаева атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаева жана Баткендеги мектеп-гимназия-интернатынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова жетишти.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева эки бүтүрүүчүнү телефон аркылуу куттуктап, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирип, келечектеги окуусуна жана кесиптик жолуна ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы 17-майда өткөрүлгөн.

Последние новости