www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районунда жергиликтүү тургундун малына кол салган ак илбирс кармалып, дарылоо үчүн Мургаб районуна жеткирилди.

«Байкемдин алты эчкиси бар болчу, илбирс баарын кырып салды. Биз жырткычты колго түшүрүп, маале төрагасына кабар бердик. Андан кийин бир нече киши келип илбирсти Мургабга алып кетишти», — деди Сохибназар Таваккалов аттуу жергиликтүү тургун.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин өкүлү илбирс колго түшүрүү маалында жарадар болгонун билдирди.

«Мургабда өз алдынча аңчылык кыла албай калган сейрек кездешүүчү, жарадар же карыган жаныбарларды дарылай турган борбор бар. Кармалган ак илбирс азыр ошол жерде, ал айыгып, өз алдынча аңчылыкка жараса кайра жаратылышка кое берилет», — деди комитет өкүлү.

Өткөн жылы автоном облуста илбирстер жергиликтүү тургундардын 100гө жакын малын өлтүрүшкөн. Колго түшкөн онго жакын илбирс кайра жаратылышка кое берилип, бийлик жашоочуларга келитирилген чыгымдарын төлөп берген.

Тажикстанда ак илбирс кызыл китепке киргизилген. Ал өлкөнүн Тоолуу Бадахшан облусунда жана Хатлон облусунун айрым райондорунда байырлайт. Тажикстандагы болжолдуу саны 300гө жакын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости