www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиев БШКнын отурумунан чыгарылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

“Биздин партиядан бир гана адам келди, бул адилетсиздик. Сиздин партияңыздан (Кыргызстан) үч адам бар. Ал эми сиз төртүнчү болуп кергиңиз келеби?” – деди Токтогазиев.

“Бул жерде биздин партиянын тагдыры чечилип жатат, ошондуктан биз он адам болуп кире алабыз” деп жооп берди “Кыргызстан” партиясынын өкүлү.

Токтогазиевдин айтымында, партиянын атынан кире турган кишилердин тизмесин түзгөн.

“Мен ичкери кирдим. Алар кетишимди суранышты, анан кайра киргизбей коюшту. Төрайымдын өзү тизмелерди берүүнү суранды, мен аларды түзүп бергенде, алар мени киргизишкен жок. Алар мени колдонуп, кууп чыгышты. “Ата-Мекенден” бир гана адам алып калды”, – деди Токтогазиев.

Тилек Токтогазиевге БШКнын төрайымы катуу айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Токтогазиевге: “Тилек, сен саясий айдыңга талапкер болуп баратасың, адегенде туура сүйлөгөндү үйрөнүүнү сага кеңеш кылам. Бул жакта сенин оюңа келген нерселер эмес, карала турчу маселелер каралышы керек. Бешинчи жолу түшүндүрүп айтып жатам”,– деди Шайлдабекова.

Ошондой эле Шайлдабекова Токтогазиевди атаандаштарын урматтоого чакырды.

Токтогазиев менен сыртта күтүп тургандардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, ага ичине кирүүгө уруксат берилген.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Тилек Токтогазиев БШКнын жыйынынан чыгарылды

Публикация от NazarNews.org (@nazarnews_org)

Булак: NazarNewskg

Последние новости