www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин өзүн “кыргыздын деми” деп атаган ырчы Гүлзат Мамытбекке Биринчи Май РИИБи тарабынан издөө жарыяланганын, ага карата “алдамчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болгон.

Учурда Орусияда жүргөн Гүлзат Мамытбекке жогорудагы иш боюнча буларга токтолгон:

“Менин үстүмөн арыз жазгандар боюнча билем. Бул иштин артында ким турганын дагы билем. Мен англис тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккам. Ал тиркемени ишке киргизүүдө мага каржы жагынан инвесторлор жардам берген. Тиркеме өзүн актабай, инвесторлорго каражатты убагында төлөй албай калдым. Бирок аларга акырындык менен акчаны кайтарып жаткам. Мурдагы күйөөм ошол адамдарды таап, менин үстүмөн арыз жаздырыптыр. Азыркы учурда мага издөө жарыяланган. Менин Москвада экенимди баары билишет, карантинге байланыштуу бул жактан кете албай жатам“,-деди Гүлзат Мамытбек.

Бул окуя боюнча Гүлзат Мамытбектин апасы Кенжегүл Сыдыкова бул окуяны калыс чечип берүүсүн суранып, президентке кайрылуу жолдоду.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости