www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак элинде тойлордо “кемпир өлдү” деген салт пайда болгон. Буга чейин аталган салттан кабары жок калың журт тарабынан интернет тармактарында ар кандай пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө. Бул тууралуу Нур кз жазып чыккан.

Салт боюнча күйөө жигит тойкананын ортосунда “өлүп жаткан” чоң энени кантип болсо да ойготуп алуусу керек. Видеодо үйлөнүп жаткан жигит чоң апанын колуна акча кыстарат. Бирок чоң апа ойгонгон эмес. Күйөө жолдош ошол убакытта келинчегинин колунан кармап, чоң энеге ыр арнайт.

Бул видеону көргөн казак эли аябай таң калышкан. Интернет колдонуучулары: “Тойдо “кемпир өлүп калдыбы” деп ойлосом”, “Кызыктай салт экен”, “Казактар да каяктагыны ойлоп, таап жүрөт”, “Бул деген уят да”, “Эми карыяларды тоюнчукка айландыруу калды эле”, “Салттын да мааниси болуш керек”, “Өмүрүмдө мындай салт бар экендигин билбептирмин” деген сыяктуу пикирлерин калтырышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости