www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасы каралды. Буга чейин адвокаттар Биринчи Май райондук сотунун аны 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылган деп билдирет "Азаттык".
Бүгүнкү соттук жараяндын жүрүшүндө Сапар Исаковдун адвокаттары ишти караган шаардык соттун Нурбек Эсеналиев төрагалык кылган коллегиясын алмаштыруу өтүнүчүн келтиришти. Бирок өтүнүч канааттандырылган жок.
Жараянда Сапар Исаковду жубайы менен көрүштүрүүгө уруксат берилген жок. Мындай чечим мурдагы премьердин сотко катышып жаткан тарапкерлеринин нааразылыгын жаратты.
Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган Исаков 5-июнда камакка алынган.
Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет. Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган.
Булак: NazarNews.kg