www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Комиссия азыркы Баш мыйзамда коомчулуктун талабын, элдин демилгесин эске алып, дүйнөлүк глобализацияны карап, оңдоп жатат. Бул тууралуу коомдук жана саясый ишмер Тойгонбек Калматов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Мыйзамдуу президентти шайлап алсаңар, мыйзам тааласына келсек, башка өлкөлөр жардам бергенге даяр. Көптөгөн өлкөлөр ачык айтып жатышат, ушул кризистен чыкканга кол сунабыз деп. Ал эми Баш мыйзамды реформалап, керектүү мыйзамдар менен толуктап, алымчаларын алып, кошчулары болсо кошуп, бир жакшыртып алсак келечекке соонун. Ошого байланыштуу талашып отурбай сунуштарды кабыл алып, кеңешип чечим чыгаралы. Мен Конституциялык кеңешмеге бардым, абдан жакшы ойлор, сунуштар, оңдоолор бар экен. 30 жылда көп жолу өзгөрдү. Комиссия азыркы Баш мыйзамда коомчулуктун талабын, элдин демилгесин эске алып, дүйнөлүк глобализацияны карап оңдоп жатат. Бул өлкөнү сактап калууга, келечекти жакшыртууга багытталган. Менде кубаныч пайда болду.Келген президенттер ушул мыйзам менен жетектеп кетсек, жеңил болот,”-дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg