www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Токтайым Уметалиева Фейсбук социалдык тармагы аркылуу Кайгуул кызматындагы кызматкерлердин ишине нааразы болгон видеосун чыгарган.

Анын айткандарына милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы төмөндөгүдөй жооп берди.

“Бул көрүнүш 1-декабрь күнү саат 15:30 чамасында Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүнө бекитилген Пушкин жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган административдик участкасында кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурунда болгон окуя.

Жол эрежесинин 3.27 “Токтоого тыюу салынат” белгисин транспорт каражаттарын токтотууга жана токтотуп турууга тыюу салуу үчүн коюлган жерге, башка унаа каражаттарына тоскоолдук жаратып таштап кеткен унааларды эвуакатордун жардамы менен тазалап жатышкан учурунда белгисиз аял киши кызматкерлердин кызматына тоскоолдук жаратып, өзүнүн унаа каражатын таштап кетүүгө аракет жазаган.

Кызматкерлер токтотуп кетүүгө болбостугун эскертип жана унаасын 200 метрден кийин атайын токтотуучу жайга коюсун суранганына карабастан чөнтөк телефонуна тартып, унаасын албай бир канча убакытка тоскоолдуктарды жататкан.

Мындай көрүнүштөр менен баардыгыбыз туш келди унааларыбызды таштап кете берсек же мыйзамдарды сактабасак, мекендештерибиздин дагы мыйзамдуу укуктарын сыйлабасак эртеңки шаарыбыздын жана мамлекетибиздин келечеги кандай абалда болоору баарыбызга белгилүү.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлеринин колунда маршруттук картасы бар, ал жерде кызматкерлердин администативдик участкасы, кызмат убактысы, ошол аймакта жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын телефон номерлери көрсөтүлгөн. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлеринин кызматы мыйзамдуу”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости