www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-февралда интернетке муфтияттын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткандагы делген видео тараган. Видео азыркы тапта да колдонуучулар тарабынан кызуу талкууланууда.

Шамалдай ылдамдык менен тараган видеодо мурунку муфтий Максатбек Токтомушевдин ысымы аталгандыктан ал көп күттүрбөй кечээ, 23-февралда социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирүү жасаган. 
Максатбек Токтомушев жергиликтүү маалымат булактарынын бирине бул видео боюнча түшүндүрмө берип, азыр тергөө жүрүп жаткандыктан көп нерсе айта албастыгын жана бул бир чоң окуянын кичинекей үзүндүсү экенин айтып берди.

"Кечээ менин дарегиме тиешелүү видеонун тарап кеткени - бул бир чоң окуянын кичинекей үзүндүсү. Ал жерде мени пара берип жаткандай кылып көрсөтүүсү - бул шантаж.

Бул тескерисинче укук коргоо органдарынын пара алууга мажбурлоо деп эсептелет. Кудай буюрса, азыр тергөө учуру болуп жатат. Тергөө бүткөндөн кийин баарын кенен, ачык-айрым айтып берем. Ошон үчүн Кыргыз эли буга ишенбейт. Ал жерде 1 миллион 300 миң доллар депозитке коюлган деп коркутуп, провокация кылганы туура эмес.

"Маселени биз чечип беребиз, чоңдор менен сүйлөштүк, алар макулдугун беришти, бирок өтө чоң сумма экен, сиз канча бересиз" деген талаптар менен бухгалтерибизди коркутуп, үркүтүшкөн. Анын оорулары бар эле ага карабай 5 саат сурак алып, кармап турушкан. Ооба, мен "канча процентке койгон болсоңуз, ошонун баарын кайтарып бериңиз" деп айтканым чын", - деген Токтомушев.

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган. 

Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Биринчи Май райондук соту Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган. Ал эми муфтияттын башкы бахгалтерин эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости