www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“АКШ Шадиевге окшогон  уурунун баарын жаап - жашырган Отунбаева окшогон дүнүйөкорлорго жем таштап, өз саясатын жүргүзгөн өлкө”, - деди бүгүн, 24-февралда NazarNews маалымат агенттигине Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, Райымбек Матраимов камалаар замат АКШнын Кыргызстандагы элчиси билдирүү таратып, бийликтин бул кадамын кубаттап жиберди. Матраимов камалса эле алардын максаты ишке ашабы?

- АКШ табиятынан башка өлкөлөрдө жакшылык болсун дебеген, чагымчылыкты идеология деп эсептеген, дүйнөдөгү бузукулуктун ордосу катары таанылган өлкө. Демек, бул жерде негизги маселе Матраимов эмес. Бул нерселердин баары элди алаксытуу. Түпкүлүгүндө АКШ башка бир арам оюн ишке ашырганы жаткан сыяктуу. Ошондуктан биздин саясатчылар абайлап сүйлөп, бир документке кол коюуда же чечим кабыл алаарда сак болушу керек.

- АКШ Кыргызстандагы коррупция менен күрөшкө чындап жардам бергиси келсе, анда неге элдин эсебинен байыган Шадиевди калкалап отурат?

- АКШ Шадиевге окшогон канчалаган уурунун баарын жаап, жашырып керек болсо Отунбаева окшогон дүнүйөкорлорго жем таштап, өз саясатын жүргүзүп келе жатат го. Ошондуктан эч убакта АКШдан жакшылык күтпөш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости