www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчы Көлбаев 22-мартка чейин камакта болот

Биринчи май райондук соту кримавторитет Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы бүгүн, 24-февралда жергиликтүү маалымат кажаттарынын бирине билдирген.

Маалыматка ылайкы, Көлбаев 22-мартка чейин №47 түзөтүү колониясында камакта калтырылды. Мындай чечим 17-февралда чыккан.

Көлбаев 2020-жылы 22-октябрда Бишкек шаарында кармалган. Ал алгач УКМКнын абагына камакка алынып, кийинчерээк №47 түзөтүү колониясына которулган.

Көлбаев УКМК тарабынан Жазык кодексинин 249-беренесиндеги (Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу) кылмышка шектелип кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости