www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин, мыйзам аркылуу аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекетик органдарындагы жана башка аскер түзүмдөрүндөгү аскер кызматкерлеринин тамактандыруусун уюштурууну жакшыртуу жана тартипке келтирүү максатында, «Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, кабыл алынган чечимге жараша паектун бардык түрү жогорулатылган, анын ичинде жалпы аскердик паек, дарылануу паегу, жалпы аскердик кургак паек, бийик тоодогу кургак паек, түнкү паек жана учкучтук паек жогорулатылган.

Кабыл алынган чечимге ылайык, аскерлердин рационуна колбаса азыктары, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтому үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости