www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачып көздү жумгуча арадан беш ай зуулдап өтүп кетти. Мамлекеттин башына келгенден бери Садыр Жапаров мамлекетти оңдойм деп айтып келатканына бышы кулак болуп бүттүк. Мамлекетти сомдойм деп мурунку президенттер деле айтчу эмес, бары эле оңдойм деп келишет, бирок мамлекет бир ордунан жыла элек. Жапаровдун кадрлар пасьянсы жакшылыкка алып барабы же дагы эле мурункудай бойдон калабызбы? Бирин-экин Жапаров таянган кадрларга көз салып көрөлү:

Марипов Улукбек – жаңы Конституция боюнча жакында премьер-министрлик кызмат жоюлат. Эми бул үчүн саналуу эле убакыт калды. «Катуу басса таскак деп, акырын басса аксак дегендей» Марипов Улукбек өзүн көрсөтүп мыкты иштесе жогору жактан анын келечегине бут тосулат, жаман иштесе элге жаман көрүнөт. Марипов Улукбектин фону аяш аталары Алмазбек Шаршенович менен Сооронбай Шариповичтин убагында жогорку кызматтарда жүрсө да ачылган жок. Алмазбек Шаршенович мамлекеттик шопур Илмияновду илмийте чаап ордуна президенттик аппарат жетекчисинин орун басары кылып алып келген. Кана кыйратканы, жок дегенде камалып жаткан Садыр Жапаровго да бир кайрылып койгон эмес. Сооронбай Шариповичтин убагында ал жетектеген Эсеп палатасы тууралуу жакшы сөздөр деле айтылган жок.

Сыймык Жапыкеев – элдин ишенимин алыш үчүн Кубанычбек Жумалиевке окшогондорду кустурам деп ойсоктоп бийликке келген. Бийликке келгени өзүнүн гана капчыгы үчүн иштеп калды, деги анын өзүн кустургандар болбосун.

Алмазбек Бейшеналиев – президенттик шайлоодон жеңген соң Түркиянын президенти Эрдоган Жапаровду куттуктаган. Алмазбек Бейшеналиевдин демиби же катуу эргип кеттиби Жапаров Эрдоганга түркчө жооп берген. Бирок, Эрдогандын №1 душманы Гүленди коргоочулардын ана башын министр кылып жүрөт.

Мелис Аспеков – октябрда Садыр Жапаров өкмөт башчысынын милдетин алганда шыйпалаңдап жанынан алыс чыкпай калган. Теледен анын жүзүн көргөндөр Аспеков Жапаровдун жакын кишиси туура дешип ага жагалдана баштаган. Президенттик шайлоо башталганда Чүй аймагынын штаб жетекчиси болдум деген дымак менен ар кимди коркутуп коррупциялык жол менен акча алып жүргөнү бекемделип, 250 миң доллар менен «кусуп» берди. «Киши кустургуч» Сыймык Жапыкеевге 50 миң доллар бергем деп, аны да ала жатканы бар.

Үкүбаев Элмырза – Бул үч ай «Кыргызалтынды» тейлей элек жатып пара менен кармалды. Жапаровдун кадрларынын мыкты сымаагы ушул болчу. Атасы Орловкадагы кенде ЗИФти тейлеп алтын менен ойноп, миллиарддарды тейлеп турган. Буга эмне жетпейт эле? 90 миң доллар айына тапкан Үкүбаевдин бул акча кепек эле. 100 миң менен бир ресторанга кирип койчу Үкүбаев дагы бир ресторанга киргиси келдиби же муну аңдып жүргөн ач карышкырлардын «подставасыбы?»

«Боёкчуну боёкчу десе атасынын сакалын кошо боёптур» дегендей кылып, жогорку кызматка дайындайт десе эле дайындай беришеби? Лаборантын премьер-министр кылган Акаевдин, шопурун төбөсүнө чыгарып алган Атамбаевдин, куда-сөөктөрүн көкөлөткөн Жээнбековдун кейиштүү тагдыры сабак болгон жокпу? Тааныш-билишти, туугандарды деле мыйзамга тууралап, билимине, тажрыйбасына, кесипкөйлүүлүгүнө карап дайындашса боло:

Сабиров Равшанбек – Улуту тажик, «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү катары пара менен кармалып, соттолгон, «зэктер» бийлесин заманда  Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалган. Жалаа менен соттолгондор бар, мейли алар «Узник совести» болсун, ал эми пара алып соттолгондорду «Абийир туткунуна» кантип кошобуз?

Андрей Акимов – Президент Садыр Жапаровдун инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кеңешчиси Акимов мурда наркотика ташуу үчүн Казакстанда соттолгонун, Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө тиешеси бар экени жазылган. Акимов президентке кеңешчи болуп 2020-жылдын 11-ноябрында дайындалган.

Букуев Медетбек – президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Медетбек Букуев 65 жашта. Ал 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмесинде 33-орунда болчу.

Арслан Койчиев – президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Мына президентке кеңешчилердин жүзү.

Дастан Дүйшөкеев – Жаңы бийликтин жаш фавориттеринин бири. Ал медиа тармагында бир күн иштебей туруп премьер-министрдин басма сөз катчысы болгон. Саясаттан кабары жок, же жазганды, же сүйлөгөндү билбеген немени «эми үйрөнүп кетээр» деп туура эле көргөнбүз. Дүйшөкеев пресс-кызматтын ишин үйрөнгөнчө, эки жагын каранганча эле президенттик аппараттын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул жигит чет мамлекеттеги элчиликти мындай кой, Тышкы иштер министрлигинде кызматкер болуп бир күн да иштеген эмес.«Мегакомдо», коомдук тамактануу тармагында, курулуш секторунда иштеп, кийин мугалим болуп жүргөн неме экен. Андан кийин Бактыбек Калмаматовго «оксфорд» болгон Жогорку Кеңеште депутатка жардамчы болуп иштептир. Дипломатияда сары ооз балапан бул жигит анан президенттин тышкы саясатын кантип жүргүзөт?

Жунушалиев Айбек – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Чүй облусунун администрициясында аппарат жетекчиси болуп иштеп келген.

Жаныбек Жалалов – Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Буга чейин Жаныбек Жалалов Баткен облусун губернатору, Баткен шаарынын мэри, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болгон. Мындан тышкары Жогорку Кеңеште да иштеген.

Карабаев Медер – Президент кол койгон башка Жарлыкка ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды. Эч себепсиз Жапаров өзү дайындаган Токталиев Акин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору кызматынан бошотулган. Демек, өздөрүн өздөрү жей баштады.

Рыскулова Айгуль – Акаев менен Атамбаевдин көрөр көз сулуусу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматында иштеп жатат.

Бакыт Матмусаев – Бишкек ШИИББдин жетекчиси болуп дайындалды.Белгилей кетсек, буга чейин Матмусаев ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген. Ал Бишкек ШИИББге Канат Жумагазиевдин ордуна келди.

Шаршеев Бакыт – «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКтын башчысы Шаршеев Бактыбек дайындалып дагы бир Бактыбек Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулду. Ал Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болгон.

Данияр Иманалиев – Экономика жана финансы министринин орун басары болуп  дайындалды. Иманалиев буга чейин Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болчу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости