www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл районунда мал уурулугуна шектүүлөр кармалышып, алар бир нече кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн маалымат кызматы билдирди.

2021-жылдын 20-февраль күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын сарайынан эки баш малын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 180 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикаксынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы мал уурулугуна шектелип, 21 жаштагы Д.Р. жана 20 жаштагы О.А. аттуу жарандар кармалышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин негизинде кармалган жарандар 2020-жылы Жайыл районунун аймагынан мал уурулугуна байланштуу үч фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Келтирилген материалдык чыгым 680 миң сомду түзгөн. Белгилеп кетүүчү жагдай кармалгандардын бири О.А. буга чейин уурулук фактысына байланыштуу сот жообуна тартылып, шарттуу түрдө жазасын өтөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости