www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коом деградация, моралдык бузулуунун жеткен чегине жеттик, "духовный" жакырчылык. Жакында социалдык жакырчылык болуудан Кудай сактасын, анда моралдык багажы азайып калган коомчулук бири-бирин тонойт, кылмыштуулук көбөйөт.

Бул деле өнүгүү жашоо процесси. Буюрса бул баскычтардан өткөндөн кийин, баары жакшы болуп калат. Болгону өзүңдүн ийгиликсиз жашооң үчүн, башкаларды себеп катары көрбөй, өзүбүздөн себеп издеп калганда анан өнүгүүгө багыт алабыз. Азыр ооз ачыштан деле коркосун, тааныбаган адам деле келип "комментарий" менен чокуга "доңк" эттире чаап кетет. Эл "злой", абдан "злой". Көпчүлүк адамдардын көзү жамандык эле издеп калган, жакшылыкты көргүсү келген азчылыкты коомдон сүрүп салышат. Жакшылыкты көргүсү келип издеген адамды "жагынып жаткан адам" деп баалашат. Мунун баары моралдык жактан бузулгандын жеткен чеги эмей эмне?

Эч ким өзүнүн жашоосу менен бактылуу өмүр сүрө бергиси келбейт, өзгөлөрдүн бешинчи чекитин чукулап, өнөр кылып. Бирөөнүн айыбын ачып, жамандап алууну жарандык милдет катары көрүп, фейсбукка так, өз убагында кечикпей кирип, чекчейип акмалап турушкандар дагы бар.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости