www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттыктын» Атамбаевдин атын атай албай тергеп калганынын, Али Токтакунов Атамбаевдин заказын кың дебестен аткарып жүргөнүнүн себептери ачылып жаткандай туюлат. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Өз мекенинин кызыкчылыгын саткан саткынды президенттен кийинки эле кызматка коюп жүргөнүбүз аз келгенсип, анын өлкөнү уурдап тоношуна, ар бир кыргыздын мойнуна очойтуп карыз илишине жол коюп жүрүптүрбүз. Уурулугу ачылып шермендеси чыгып жатса: «Сапар жаш эле-алданып калды, аппак болчу-кара кылышты» дешип Сапар Исаковду коргоо штабын ачкандарына эмне бересиң?

Сапар менен Атамбаевдин Кыргызстандын стратегиялык обьектерин Кытайга көз каранды кылып койгон (карызды өз убагында төлөбөсөк) аракеттери эле өлкөгө саткындык болуп эсептелет.

Мына эми, Азаттыктын Атамбаевдин атын атай албай тергеп калганынын, Али Токтакунов Атамбаевдин заказын кың дебестен аткарып жүргөнүнүн себептери ачылып жаткандай туюлат.

ТЭЦ жарылып, Бишкек тоңуп жатса да, Кытайдан алган миллиарддаган доллар акчалардын кайда кеткени белгисиз акыбалга жетсе да, былк этип койбогон «Азаттыктын» бузукуларын эми түшүндүк. Демек, Сапар Американын шпиону экенин Атамбаев деле билген болуш керек. Атамбаев Сапарды өзүнүн балдарынан да артык көргөн десек жаңылышпайбыз, анан кантип билбей калсын?

Азыркы бийлик: элдин байлыгына колун салбаган, өлкөдөн качып чыгып кетпеген, тергөө менен кызматташкан, 2миллиарддан ашык акчаны төгүп берген Райымбек Матраимовду ордуна тынч коюп, Сапарды издеп табышса жакшы болмок. Атамбаевдин жуткандарын мамлекеттин эсебине кустурушса, иш кылгандары элге сезилмек. Бабанов «хандын кызы» болсо да, азыркы бийлик колтугуна жашырбай жоопко тартса, акыйкат иштеп жатат дейт элек. Дүйнөдөгү учуна чыккан бай-коррупционер Албекти бекитишпей, эл катары олтургузуп, бар мүлкүн мамлекетке эмне үчүн алышпайт? Албектен, Сапардан, Атамбаевден тили кысык жерлери барбы? Түштүк тополоңу боюнча, үч шакалды жоопко тартабы деп күтүп жүрсөк, алардын бирин элчи кылып гүлдөгөн европейский мамлекетке жөнөтүп жатышыптыр. Эмне, 80% эл бизди колдогон боюнча эле ордунда катып тура берет деп ойлоп жатышабы? Бүгүн алаканыңда бар дүйнө, эртең куру жалак калган жок дүйнө. Биз Садыр Жапаровду, Ташиевди Ош коогалаңын илитетип, болгонун болгондой ачыкка чыгарышат, эртеңки күндө Кыргызстандын тарыхында кала турган кылышат жана Атамбаев, Отунбаева, Текебаев жазаларын алышат деп колдогонбуз. Ташиев, Жапаровдор ошол согушка катышышкан, баарын өз көздөрү менен көрүшкөн, бейкүнө өлгөн адамдардын тагдырын баарыбыздан жакшы билишет деп шайлаганбыз. А булар, миңдеген адамдардын канына зыян болгон, улуттар аралык согуштун режиссерлорунун бири болгон адамды кызматка коюп жатышат. Ошончо болду Отунбаеваны кеңешчи кылып шайлап алгыла да, Атамбаевди Америкага элчи кылып жөнөтүшсүн. Убактылуу Өкмөттүн шакалдарын топтоп, жаңы өкмөт түзүп алышсын

Райымбек Матраимовду камап, жугундукорлордун гана максатын орундатышты. Алар өздөрүн колдогон 80% элдин катарына кошулбайт эле. Ал эми биздин бир да үмүтүбүз актала элек. Түштүк согушу жөнүндө ооз ача албаган бийликтин күнү саналуу экенин унутушпаса болмок. Жээнбековдун кулагына үч жыл дамбыра какканбыз, бирок чымын чаккандай да сезген эмес. Ошондон кийин, тополоңдо Ошко барган акчаны жеп коюшкан деген сөзгө ишенип тынчып калганбыз, Кудай буюрса кийинки бийлик ачыкка чыгарат деп. А бул бийликтин күчү Райымбекке эле жетет экен. Дагы деле үмүт кылып күтүп туралычы, мүмкүн ойлонушар.

Антпегенде, беш айдан бери: Райымбек-кармалды, Райымбек-төлөдү, Райыбек-акталды, Райым-камалды менен убакыт өттү. Бабановду колтугуна бекитишип коргоп жатышат. Текебаевди элчи шайлайт экен. Атамбаевди да чыгарабыз деген сөздөрү болгон. Отунбаеваны болсо Англияга элчи кылышы эле калды. Эмне, төңкөрүш Райымбек үчүн эле болду беле? Трайбализмдин сасык жыты чыкпай жатабы? Сезбедиңерби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости