www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадимки пияз стресстен да арылтат

Түркиянын Milliyet басылмасы кадимки пияздын пайдалуу касиеттери тууралуу макала жарыялаганын РИА Новости жазды.

Билдирмеге караганда, аталган азык витаминге өтө бай жана ден соолукту бекемдөөгө жардам берет.

Басылма пияз сөөктү бекемдеп, холестериндин деңгээлин төмөндөтө турганын жазган. Мындан улам кан-тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги азайып, жүрөктүн иштөөсү жакшыраары айтылды.

--"Пиязды чийки жеген учурда тамак сиңирүү да жакшырат. Ага кошумча бул азык ичегиде пайдалуу бактериялардын пайда болушун шарттайт. Пияздын курамында ар кандай 25 антиоксидант болгондуктан, алар организмдин клеткаларынын бузулуусун алдын алат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган жашылча оозду ар кандай бактериялардан да тазалайт. 

"Анын микробко каршы касиети тиштердин бекем болушун шарттайт. Пияздын курамында көз үчүн пайдалуу болгон "кверцетин" аттуу зат дагы бар", — деп жазган басылма.

Изилдөөдө окумуштуулар пияз уйкунун сапатын да жакшырта турганын аныкташкан. Анын курамында стресстен арылтып, ичегинин иштөөсүн жакшырткан була бар экени айтылды.

Ошондой эле аталган ачуу жашылча А, С, Е витаминдерине бай келип, терини тунук көрсөтүүгө да жардам берээри кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg



 



 

Последние новости