www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Матраимовдун АКШда «Магнитскийдин тизмесине» киргизилиши да бажыканадагы эбегейсиз чоң акчага сырткы күчтөр кызыгып жатканын, ал каражатка өздөрү ээлик кылууга кызыкдар экенин билгизет», - деди бүгүн, 24-февралда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Уран Рыскулов.
- Уран мырза, неге АКШ Райымбек Матраимовдун камалышына кызыкдар болуп жатат?
- Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу чындыгында эле эбегейсиз чоң контрабандалык товарлар алып өтүлөт. Ал акчалар бизди эле эмес, сырткы күчтөрдү дагы уктатпайт. Тагыраагы, Матраимовдун АКШда «Магнитскийдин тизмесине» киргизилиши да бажыканадагы эбегейсиз чоң акчага сырткы күчтөр кызыгып жатканын, ал каражатка өздөрү ээлик кылууга кызыкдар экенин билгизет.
Бажыканадагы каражаттарга кызыгуу чоң болгон үчүн үчүн Новиков премьер-министрдин милдетин аткарып баштаар замат чек арадагы бажыканаларды кыдырып, санариптештирүүгө өткөрүш керек деген маселе көтөрдү. Кыскасы, анын бул аракети да күмөн саноону жаратат.
- Эгер АКШ бажыканадагы каражатка көз артып жатканы чын болсо, анда неге Кыргызстанга коррупция менен күрөшүүгө кол-кабыш кылып жаткандай сүртүм калтырышууда?
- АКШ Кыргызстандагы коррупция менен күрөшөт десе адамдын күлкүсү келет. Тескерисинче, АКШ Кыргызстандагы коррупцияны тамырын кыюуга эмес, гүлдөтүп өстүрүүгө кызыкдар. Ошондуктан, биздин коррупционерлер качканда дароо эле АКШга качат.
Булак: NazarNews.kg