www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асангариев: «Кыргызстан өз артыкчылыгын колдоно албай жатат»

Эң чоң курултай жаратман ишкерлердин курултайы болушу керек. Мындай пикирин ишкер Мирбек Асангариев билдирди.

Анын айтымында, курултайда өнүгүү идеялары талкууланышы керек. Натыйжада Кыргызстан Орто Азиянын түрдүү тармак боюнча хабына айланат.

Кыргызстан өз артыкчылыгын колдоно албай жатат. Натыйжалуу ишкердик жүргүзүү шарттары түзүлүшү керек. Мамлекет менен жарандардын ортосунда ишеним болушу кажет. Ишеним болбосо, шериктештик, өнүгүү болбойт.

Жаштар улуттук деңгээлде жаратман ишкерлерди үлгү тутуп, алардын фанатына айланышы зарыл. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде маалыматтык үгүт жүрүшү кажет.

Асангариев жаштар чет элдиктерди кайсы баалуулуктун негизинде кумир тутарына кызыкты. Анын ордуна жергиликтүү жаратман адамдарды үлгү тутууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости