www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-февраль күнү Төмөнкү Ала-Арча мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары тест тапшыруу үчүн Лебединовка мектебине барышкан. Ал жактан №1 мектептин окуучулары мектептин кароолчусунун көзүнчө 4 баланы сабашкан. Буга мектептин администрациясы эч кандай чара көрбөгөндүктөн,    маалымат агенттигине аталган мектептин ата-энелери кайрылышкан.

Класс жетекчи Скворцова Татьяна Владимировна окуучулар менен чогуу болгон дешет Тимур Жумабековдун ата-энеси.

Учурда жабырлаган 11"А" классынын окуучусу Тимур Жумабеков Чүй ооруканасында дарыланууда. анын тиши сынып, ооз көңдөйү жарылган. Калган окуучулардын ден соолугу канаттандырарлык. Ал эми ата-энелер менен бирге класс жетекчи мектептин башкармалыгы аталган кырдаал боюнча кайрылганда, алар агрессивдүү мамиле кылышкандыктан, милицияга кайрылууга туура келди - дейт жабырлануучунун атасы Нурлан Жумабеков.

22-февралда ата-энелерди Аламедин районунун ИИМне чакырып, аларды Лебединовка мектебине сабап кеткендерди аныктоо максатында алып барышканда, мектептин эмгек жамааты балдар катышкан эместигин айтышып, бул окуяны жаап-жашырганга аракет кылышкан.

Жазгул Урмамбетова,

Булак: NazarNews.kg

Последние новости