www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагына караштуу айылдарда сел жүрдү.. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-августта болжол менен саат 16:00дөр чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган.
Жеринде маалыматты тактоо, аныктоо максатында Түп райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Учурда аталган айылдарда 41 куткаруучу иш алып барууда. Мында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 жүктөгүчү жана 3 экскаватору тазалоо иштерин аткарып жатат.
Ал эми сел сууларын тазалоо үчүн Балыкчы, Каракол шаарларынын суу сордуруучу мотопомпалары жана авариялык-куткаруу унаасы, оор жүк ташуучу 3 ХОВО унаасы тартылды.
Жериндеги абалдан кошумча маалымат берилет.
Булак: NazarNews.kg