www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Иран менен чектешкен Ван провинциясында күчү 5,7 баллга жеткен жер титиреп, каза болгондордун саны 9 га жетти. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда кырсык кечээ, 23-февраль күнү Башкале шаарынын Ван провинциясында катталган. Силкинүүдөн 50 дөн ашык киши жабыркап, 9 киши каза болгон. Мындан тышкары, бир нече киши реанимацияга жаткырылган. Ал эми, Иранда тер титирөөдөн 75 адамдын жабыркаган айтылууда.
Учурда кырсык катталган жерде жабыркагандарды издөө иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 24-январында Түркиянын Малатья жана Элазык провинцияларында жер титиреп, кеминде 30 адам көз жумса, дагы 1000ден ашууну жаракат алган.
Булак: NazarNews.kg