www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости Жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (AFAD) маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, жер титирөөнүн очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измир аймагындагы Сеферлихисар шаарында жайгашкан.
Major earthquake (6.8-7.0) in the Aegean off the coast of Turkey has caused significant damage in Izmir. https://t.co/lOafWgCdyF
— David Lepeska (@dlepeska) October 30, 2020
Түркиялык ЖМКлардын маалыматына жана күбөлөрдүн айтымына караганда, жер титирөө өлкөнүн түндүк райондорунда жана Стамбул шаарында да сезилген.
Измир шаарынын мэринин башкы катчысы Бугра Гёкче NTV телеканалына билдиргендей, Түркиянын чыгышында жер силкинүүдөн бир топ кыйроолор болгон. Шаарда бир нече үйлөр талкаланган.
"Бизге Буджа, Байраклы жана Борнова райондорунда бир топ имараттар талкалангандыгы тууралуу маалымат түштү", — деген Гёкче.
BREAKING - Footage of a building collapsing in the background after a powerful earthquake hit near #Izmir in Turkey.pic.twitter.com/1UWpYxWHeU
— Disclose.tv 🚨 (@disclosetv) October 30, 2020
Видеодон жаратылыш кырсыгынан имараттар урап, адамдар үйлөрүнөн сыртка чуркап чыгып жатканын көрүүгө болот.
Түркиянын ИИМ башчысы Сулейман Сойлу Twitter баракчасы аркылуу жаратылыш кырсыгы тууралуу маалымат берген.
"Измирдеги Борнова жана Байраклы райондорунда алты имарат урагандыгы боюнча кабар келди. Ушак, Денизли, Манис, Балыкесир, Айдын, Мугла райондорунда жабыркагандар боюнча маалымат келген жок", — деп жазган министр.
Strong earthquake shakes Western Turkey https://t.co/bv2jlI1Qk7
— Aslam Chandio (@AslamChandio_) October 30, 2020
Материалдык чыгым жана жабыркагандар тууралуу азырынча так маалымат жок экени кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg