www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат  Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына болгон көз карашын жана ич күптүсүн айтып чыкты. Бул туурасында Бакир уулу NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

“Эми Адахан Мадумаров эл менен жолугушуп жүрөт. Анда ал “кынтыксыз тазалык” дейт. Тазалык болсо, эмне үчүн “ЭрК” партиясынан 5 талапкер шайлоодон четтетилип калды? Аны техникалык ката деп атат. Эмне үчүн кошоматчылардын, олигархтардын ысымы тизмеден түшүп калбайт дагы, чындыкты айткан Турсунбай Бакир уулунун жана мени ээрчип барган 4 адамдын ысымы тизмеден алынып калат”, -  деди экс-депутат.

Билдирүүнү толугу менен төмөнкү видеотасмадан көрүңүздөр.  

Эске сала кетсек, шайлоого даярдыктар көрүлүп, партиялар талапкерлерин бекитип баштаган учурда Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен чыгып калганын айтып, аталган партияга карата арыз менен сотко кайрылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерликтен чыгып калган Турсунбай Бакир уулунун партиянын жыйынында бекитилген тизменин өзгөртүлүшүнө байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына карата арызы каралып, жумушчу топтун жыйыны 2-сентябрга жылдырылган.

Бакир уулу ал партиянын эң жогорку органы болгон жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген деген негиз менен партия лидери Адахан Мадумаровго күнөө койгон.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү эч кандай эреже бузулбаганын айтып, конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүкчөсүндө тизмени өзгөртүү шарттары каралганын жүйө келтиришкен.

Жумушчу топтун жыйынына Мадумаров да, Бакир уулу да катышткан.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрмөдө бул жолку чечим жалпы шайлоонун жүрүшүнө таасир этерин айтып, партия ичиндеги талаштарды сот аркылуу чечүүнү сунуштаган эле.

Партиянын даттануусу 7-сентябрда Бишкек шаардык административдик сотунда каралып, "Бүтүн Кыргызстанды" жарыштан четтетүүгө "макул" жана "каршы" добуш берген БШКнын мүчөлөрүн күбө катары катышкан. Бишкек шаардык административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызын карап, шайлоого катышууга уруксат берген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости