www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Словакиянын Братислава шаарында коронавирустун жаңы түрү менен ооругандар катталгандыктан, 1-октябрдан баштап 45 күнгө өзгөчө абал режими киргизилет. Мындай чечимди шаршемби күнү Словакиянын министрлер кабинети кабыл алды. Премьер-министр Игорь Маточичтин айтымында, чектөөлөрдүн киргизилиши бийликке эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
Белгилей кетсек, нике кыюуга, сөөк коюуга жана ымыркайга байланышкан ырым-жырымга уруксат берилет. Бардык ресторандар, пабдар, тамак ичүүчү жайлар саат 6:00дөн 22:00гө чейин гана иштейт. Дүкөндөрдө жана мектептерде бет кап тагынып, аралыкты сактоо керек.
Акыркы бир суткада өлкөдө 567 адамдан коронавирус аныкталган, бул башка суткаларга салыштырмалуу 336 адамга көп. Словакияга буга чейин эле 16-марттан 14-июлга чейин өзгөчө абал режими киргизилген болчу. Бул коронавирстун биринчи толкунун ийгиликтүү жеңүүгө жардам болгон.
Эске салсак, пандемия башталгандан бери 5,5 млн калкы бар Словакияда 10 миң 141 адамдан коронавирус аныкталды. 48 бейтап көз жумган.
Булак: NazarNews.kg