www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте автоунаалардан мүлктөрдү уурдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматынан кабарлады.
Белгилей кетсек, жакында ЖМКларда Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар автоунаанын терезесин талкалап, акча каражатын жана ноутбукту уурдап кетишкендиги тууралуу билдирүү тараган.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге арыз менен жаран К.Г. кайрылып, 4 белгисиз адам “Тайота Камри” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезесин талкалап, баалуу буюмдарын жана акча каражатын уурдап кетишкендигин билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Кылмышкерлер жогорудагы автоунаадан 700 АКШ долларын жана 1500 АКШ доллар турган “MacBook” уурдап кетишкендиги маалым болгон. Аталган факты КЖБРге катталып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошондой эле Н.О. 29-август күнү Ленин РИИБге кайрылып, болжол менен 19:00 чамасында “Mercedes-Benz CLS” үлгүсүндөгү автоунаадан 500 АКШ доллары менен 300 миң акча каражаты салынган сумкасын уурдап кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
"Жогорудагы эки фактынын тең бети ачылгандыгын билдиребиз. Бул кылмыш ишинин бетин ачууга укук коргоо органдарынын бири-бири менен тыгыз кызматташуусунун натыйжасында гана ачылган: ИИМ менен ЖАМК.
29-сентябрь күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары төмөнкү жарандар кармалган:
- Токтогул районунун тургуну 1990-жылы туулган Б.А., мурда адам өлтүрүү, уурдоо, тоноо беренерели менен соттолгон. Андан сырткары, эркинен ажыратылган жайдан качып кеткендиги үчүн издөөгө алынган.
- Кочкор районунун тургуну 1993-жылы туулган Э. уулу А., мурда уурулук менен эки жолу соттолгон.
- Ысык-Ата районунун тургуну 1992-жылы туулган М.Э., уурдоо беренеси менен эки жолу соттолгон.
- Жайыл районунун тургуну 1995-жылы туулган Ж.Ш., уурдоо беренеси менен эки жолу соттолгон.
Шектүүлөрдү кармоо учурунда алар баңгизаттын таасиринде болгон"- деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жогорудагы шектүүлөрдүн колунан жабыр тарткандар жөнүндө маалымат билген жарандар ички иштер органдарына жана ИИМдин Криминалдык милиция кызматына 266261 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат.
Булак: NazarNews.kg