www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахандын бетине: «Эртен элге чыкканыбызда кантип «таза адамдар үчүн добуш бергиле!» деп айтабыз? "Любой" айтат да: «Э, ажы, алдыңызда турган олигархтар жана коррупционерлер тазабы?!» деп айтышса эмне деп жооп беребиз?!» деп айта коюп жек көрүндүм жана мени менен кошо «ЭрК» партиясынын 4 талапкерин мыйзамсыз тизмеден чыгарып салды. Мындай пикирин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди.
(Уландысы) ...Унчукпай койсом, мени коркутуп алдык деп чабуул жасагандар чон жаңылышат!
Алгач - мага жана үй-бүлөөмө каршы оозуна ак ит кирип, кара ит чыккан фейктерин жана зомбилерин салды, эми болсо эл менен жолугушууларда жана теледебаттарда Рахман Разыков жана Абдылда Иманкулов деген маскарабаздарын (клоундарын) койберип, өзү артынан күлүп турат.

Чындык бирөө эле болот. Аллахым да ошол эле жалгыз чындыкты жана ошол чындык үчүн күрөшкөндөрдү жана акыретте сүйүнтөт! Ооба, дайыма элдин бир бөлүгүн алдап келсе болот. Ооба, кыска мезгил бүт элди алдап келсе болот. Бирок дайыма бүт элди алдаш мүмкүн эмес! Авраам Линкольндун бул сөзүн калпычыларга, эки жүздүүлөргө, касамкорлорго, аферисттерге эстетип койгум келет.

Адахандын бетине: «Эртен элге чыкканыбызда кантип «таза адамдар учун добуш бергиле!» деп айтабыз? "Любой" айтат да: «Э, ажы, алдыңызда турган олигархтар жана коррупционерлер тазабы?!» деп айтышса эмне деп жооп беребиз?!» деп айта коюп жек көрүндүм жана мен менен кошо «ЭрК» партиясынын 4 талапкерин мыйзамсыз тизмеден чыгарып салды.

Ошондо, О.Суваналиев айткандай унчукпай, N22 талапкер болуп кете берсем болмок. Бирок мансап, мандат деп кантип адамдардын көзүн карамакмын, Акыретте жооп бермекмин?!

Ошол үчүн шайлоо астынан дагы бир ирээт чындыкты айтпасам өзүмдү да кечирбеймин, "ЭрК" партиясы да, тарых да, Аллахым да мени кечирбейт деп ушул кайрылуумду жарыялоону чечтим.
(Видеокайрылуумдун 5-бөлүгү. Уландысы бар).

РS. "ЭрК" партиясы шайлоодон четтетилгенине сөзүндө турбаган, өзүнүн партиясынын курултайынын чечимине каршы чыккан, шайлоо жөнүндө мыйзамды одоно бузган бир гана адам күнөөлүү - ал Адахан Мадумаров.

Ушул күнгө чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясы жана анын мүчөлөрү жөнүндө бир да жаман сөз айтпадык жана айтпайбыз да. Анткени Адахан мыйзамга жана курултайдын чечимине түкүрүп, тизмеден бизди ыргытып салганына «Бүтүн Кыргызстандын» катардагы мүчөлөрүнүн эч кандай тиешеси жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости