www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тогуз-Тородогу ойдон чыгарылган митинг - көмүскөдөгү уурунун куралыбы? Тогуз-Торо эли толкуду, эми революция Тогуз-Торо жергесинен башталабы? - деп бардык жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан малымат тарай баштады. Чындыгында, буга чейин алыскы Тогуз-Торо району бардык саясаттан жана маалыматтан алысыраак деген түшүнүк бар болчу. Аймакта жайгашкан “Макмал” алтын комбинаты гана бир убакта Тогуз-Торо районунун флагманы болуп, жергиликтүү бюджетти убагында камсыздап турган. Азыркы убакта алтындын кору түгөнүп, комбинаттын шаймандары эскирип, ишмердүүлүгү токтоп калуу коркунучунда. Ошондой эле, тоолуу Тогуз-Торонун транспорт каттамы жүргөн жолу дагы эң эле татаал болгондуктан, өнүгүү факторуна өзүнүн терс таасирин тийгизип, бир далай карама-каршылыктарды жаратып келгени баарына маалым.
Жолдун катаалдыгына, ар кыл кыйын кырдаалдарга карабастан, «Джи эл девелопинг» компаниясы ири каражаттарды сарптоону талап кылган Тогуз-Торо районуна инвестиция жумшоого кызыкдар болгону бекеринен эмес. Себеби Жалал-Абад - Бишкек жолунун курулушу бүткөндө Тогуз-Торо району Кыргызстандагы өндүрүштүн толтосу болуп каларын компания жетекчилиги алдын ала баамдап, аныктап чыккан. «Макмал алтын» комбинатынын ишмердүүлүгү эки айдан кийин токтоп, анын ордуна ар бир ишке кылдат мамиле кылган «Джи эл Макмал девелопинг» жоопкерчилиги чектелген коому жандандыруу шарттын кайрадан түзүп берери бышык. «Джи эл Макмал девелопинг» компаниясынын алгачкы максаты Кыргызстандан жыл сайын көзөмөлсүз алты тоннага чамалуу алтын концентратынын сыртка чыгып жатканына бөгөт коюп, концентратты ачык-айкын, өзүбүздүн мамлекетте тазалап, ДОРЕ стандартына жеткирүү болуп саналат. Бул стратегиялык олуттуу долбоор Кыргызстандын өкмөтү, бийликтеги аткаминерлер тарабынан адегенде колдоого алынган. Бир катар сүйлөшүүлөр, дипломатиялык негиздеги маанилүү жолугушуулар өтүп, дүйнөлүк алдыңкы технологияны өндүрүшкө киргизип, ишке ашыруу максатында ТЭО документациясы аркылуу ынандырылып, лабораториялык экспертиза өткөрүлүп, бир далай далилдер келтирилип, КРнын Өкмөтү тарабынан өз ара макулдашуулар жүргүзүлгөн. Ошону менен катар «Кыргыз алтын» ААКнун жетекчилигинин макулдугу менен комбинаттын курулушу башталып, заманбап эл аралык стандарттагы компакттуу комбинатты курганга тогуз миллион доллар жумшалган. 260 жергиликтүү тургун курулуш иштери маалында жумуш орундары менен камсыз болушту. Өз кезегинде 2016-жылы эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, райондук чогулушта комбинаттын ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча макулдук берилген. Тилекке каршы, комбинаттын курулушу бүтөөр алдында эл кайдан-жайдан нааразычылык акциясына чыгып, комбинаттын ишин токтотту. Албетте, мындай кыйчалыш кырдаалды ЖЧК «Джи эл Макмал девелопинг» компаниясынын жетекчилери күткөн эмес. Ар бир акыл-эстүү адам “Бул митингди ким уюштуруп жатат?” деген суроону узатпай койбойт. Коомчулук дагы элдин нааразычылык акциясына чыкканына таңданбай койгон жок. Бөтөнчө бийлик төбөлдөрүнүн эч кандай реакция кылбай, кабагым-кашым дебей турганы таң калычтуу.
КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыя салса, КРнын премьер-министри «Жаңы доорго - кырк кадам» программасын кабыл алганын коомчулук жылуу кабыл алды. Республиканы өнүктүрүү аймактардан башталат, ошол себептүү эң оболу алыскы региондорду өнүктүрүү программаларына президент дагы, өкмөт дагы өзгөчө көңүл буруп, аракет кылып жатса, шарты катаал, алыскы Тогуз-Торо районунун өнүгүшүнө өбөлгө түзүүгө бут тосуп, экономикалык диверсияны уюштурду. «Джи эл Макмал девелопинг» ЖЧКунун коомдук угуу өткөрүү сунушун митингди уюштурган активисттер уккусу дагы келген эмес, анткени, алардын көлөкөсүндө тымызын уюштуруучу турат. Райондун, областтын жетекчилигинин жоопкерчиликсиздигинен, шалаакылыгынан ушундай кырдаал түзүлүп, бүтөйүн деп келе жаткан комбинаттын курулуш иши токтоду. Компанияга келтирилген моралдык жана материалдык чыгымдар үчүн ким жоопкерчиликти алат? Же болбосо нааразы тараптар менен жолугушуу өткөрбөй, бардыгын «Джи эл Макмал девелопинг» компаниясына жүктөп, “кандай маселе болсун өзүңөр чечип алгыла” дегендерге кандай түшүнсө болот? Бир чети бул жетекчилердин эл ишениминен чыгып, эл алдында жооп берүүгө, сүйлөшүүгө дагы дараметтери жок окшойт. Жергиликтуу жарандар эл бузарлардын провакацияларына алдырып, эмне себептен, капысынан эле ЖЧК «Джи эл Макмал девелонпинг» компаниясына каршы карандай ушакка ишенип, нааразылык митингине чыкты жана компаниянын ишин токтотуп салганга кандай акысы бар? Регионду өнүктүрүү үчүн болгон аракетин жумшап жаткан инвесторго карасанатайлык кылган үчүн ким жоопкерчиликти алат? Мына ушул суроолорго Тогуз-Торо районунун прокуратурасы жооп берүүгө тийиш. Кооптуу кырдаалдын түзүлүшү боюнча УКМК кызматы алдын ала билиши керек эле, бирок, алар тараптан дагы эч ким үн ката элек. Укук коргоочулардын байкоосуна караганда бул митинг атайын кызыкдар тараптын буйрутмасы менен жасалган. Анткени, ААК «Кыргызалтындын» алтын концентратын көзөмөлдөгөн бир нече компания бар. Митингди дал ошол алтын концентратты сыртка алып чыгарып кеткенге кызыкдар болгон компания уюштуруп жаткан жокпу? Себеби «Джи эл Макмал девелонпинг» компаниясы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаса, чет өлкөгө алтын концентраты мыйзамсыз чыкпай калары шексиз. Ал эми оңой олжого туйтунуп көнгөн компаниялар, албетте, мындай карасанатайлык менен бут тосууга барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Албетте, миллиондогон көзөмөлсүз акча каражаттары алардын бүйрүн ар дайым кызытып келгени айтпаса дагы түшүнүктүү. Чындыгында, Тогуз-Тородогу участкалык милиция, оперативдик бөлүмдүн кызматкерлери нааразычылык акциясын ким уюштургандыгын жана ким буйрутма бергендигин, ким акча таратып жатканын дароо эле изилдеп коё алмак. Бирок, алардын дагы билмексенге салып, алакан жайып турганы жогору жактагы жетекчиликтин ишенимине шек келтирип жаткандай. Өтө өкүнүчтүү. Прокуратура, милиция, УКМК органдары “дымып” жатканына караганда уюштуруучу алардын баарысын “дүңүнөн” сатып алганбы? - деген күмөн ой жаралат. «Джи эл Макмал девелонпинг» компаниясынын жетекчилиги акцияга катышып, элди жалган жалаага үндөгөн 20га чамалуу активисттердин үстүнөн арыз менен кайрылган. Анткени менен, прокуратура, милиция органдары тарабынан бир ооз жооп берилбей, азыркы тапка чейин билдирүү келген жок. Болбосо, кырдаал курчуй берсин деп, айласы кеткен компания акыры акча берет деп күтүп жатабы? Мындай саясый жагдайды түзүү албетте, бийликте отурган таасирдүү адамдын колунан гана келээри шексиз, ал эми күч органы ошол адамдын кызыкчылыгын коргоп жаткан өңдүү. Эгерде чын эле ушундай болсо, анда президенттин жана премьер министрдин «Региондорду өнүктрүү», «Жаңы доорго - кырк кадам» аракетине тоскоолдук жасап жаткандарга тез аранын ичинде чара көрүү күч органынын милдети эмеспи. Бизди таң калтырганы - акцияда сүйлөгөн ораторлордун эмне үчүн илгертен эле цианид менен иштеп келген «Макмал алтын» комбинатына нааразы болушпагандыгы...
«Макмал алтын» комбинатынан ай сайын 10 килограммдан алтын уурдалып жатканда бирөө дагы үн каткан эмес, митинг уюштуруп жаткандар ишке кирүү алдында турган комбинат цианидсиз иштей турганын билишти бекен… Каршылыкты уюштургандар провокацияга барып жатканы баарына алаканга салгандай ачык айкын көрүнүп турат. Биз, укук коргоочулар президенттин коррупцияга каршы күрөшүнө көмөк көрсөтүү ниетинде маселе көтөрүп жатабыз. Бул маселе боюнча күч органы, райондук мамлекеттик администрация жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү коомчулукка милдеттүү түрдө ак, карасын ачыкка чыгарышын талап кылабыз жана коррупцияга каршы күрөшүүгө көз кырын салып тим койбостон, чын ниетин коюп, билек түрө киришүүгө чакырабыз. Эл, коомчулук аздыр-көптүр таза, ачык коомдо жашоону эңсейт. Болбосо биз, карапайым жарандар жүзүкара, коррупционер аткаминерлердин куралы болуп кала берерибиз шексиз.
Биз чындыкты билгибиз келет жана аягына чейин чыгууга аракет кылабыз Жалал-Абад областык укук коргоочулар Азим Токоев, Бактыгүл Тургуналиева, Анарабай Орозов, Качкынбек Булатов.
Булак: NazarNews.kg