www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир апта өтө элек, белгилүү адабиятчы, кыргыз сын өнөрүнүн дулдулу, жай жүрүшү менен жайсанчылардын жаагын баскан, жалпыга маалым авторубуз Садык Алахан редакциябызга сүрөт салып жибериптир. Көрүп эле кубанып кеттик. Анда “Ачык сөз” гезитинин активдүү автору, даңазалуу публицист-жазуучу досубуз Абдиламит Матисаков Түрк элдеринин маданиятын көккө көкөлөткөн айтылуу Түрксой Эл аралык уюмунун сыйлыгын  жеңип, ал байгени Түрксойдун баш катчысы Дүйсен Касеиновдун колунан алып жаткан учуру чагылдырылган экен.

Кыргыз журналистикасында өзүнүн мектеби бар, “Кыргыз  өңү Чокморовдун өңүндөй...” аттуу публицистикасы, “Атамды көргөн өлбөсүн...”, “Тандыр”, “Турмуштан тамган тамчылар” аттуу окугандын эсинен чыккыс чыгармалары бар жазуучу, Ж.Баласагын атындагы университетинин ардактуу профессору Абдыке досубуз сыйлык алганда биз эле эмес кыргыз коомчулугу да кол чаап, кубанып турган чагы. Эмне дейбиз, ооматтуу сүйүнүч тууралуу убагы келгенде кеңири сөз кылаарбыз. Азырынча сыйлык ээсине эсен-амандык жана чыгармачылык эргүүлөрдү каалайбыз!

Жора Сулайманов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости