www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагы бир жүрөк үшүн алган жагдай болуп өттү. Негизи жашоодо адам баласынан өткөн акылдуу жана мыкаачы зат жок деген сөз туура экен. Себеби азыркы окуя адамдардын аша чапкан мыкаачылыгынын жеткен чеги экенин далилдейт.  

Казакстандын Атбасар шаарында канализация тазалап жүргөн сантехник шаар ичиндеги кудуктардын биринен кичинекей баштык таап алган. Ал бирөө-жарым кийим кечесин ыргытып жиберди го деген ой менен таап алган баштыгын жардамчысына берип жиберет. Жардамчысы ал баштыкты ачып эле эстен тана жыгылган.

Көрсө, ал жерде кийим кече эмей эле 2-3 айлык наристенин өлүгүн ороп коюшкан. Эми наристенин ал жерде жатканына көп убакыт болуп кеткен. Кызды ыргытканда кызыл түстөгү комбинизон, памперс кийгизип ыргыткандары шек жаратат.

Эми экспертизадан аныкталбай жаткан бир жагдай жүрөк өйкөйт, кызды тирүү эле ыргытып салдыбы, же өлүп калган соң ыргыттыбы? 

Учурда укук коргоо органдары тыгыз иш алып барып жатканы менен эч кандай жооп бере элек... 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости