www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын кызматкерлери студенттерден пара алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришип, жашыруун тартылган видеону жарыялады.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча («Пара алуу») сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экени аныкталган. Кадрдан аял ар бир студенттен 100 доллардан алса 60 миң доллар таап, үй аларын айтып жатканын угууга болот.

«Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алган схема түзүп алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости