www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңги заттарды таратууга жана сатууга мажбурлоо фактысы боюнча Талас шаардык ИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын (ЭММКК) кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын УКМК Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ИИМ системасындагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт кою боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, баңги затын сатуу үчүн акча каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан учурда, Талас шаардык ИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын ЭММККнын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны Н.у.У. кармалды", -деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, кармалган кызматкер белгилүү убакыт аралыгында баңги затын алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Талас шаарынын тургунун баңги зат сатууга мажбурлаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости