www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапон бийлиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизгенин жарыялады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Киодо агенттигине таянуу менен билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, Жапониянын премьер-министри Фумио Кишида Орусияга жаңы чектөөлөр киргизиле турганын жума күнү, 8-апрелде, пландалган маалымат жыйынында жарыялайт.

Жаңы санкциялар энергетика тармагына, анын ичинде россиялык көмүрдүн импортуна таасир этиши мүмкүн экени белгиленген.

Маалымат жыйыны жергиликтүү убакыт боюнча 18:00 (Москва убактысы боюнча 12:00) кийин башталышы күтүлүүдө.

Эске салсак. буга чейин АКШ Орусияга каршы санкциялар пакетин кеңейтип, ага сегиз адамды жана орусиялык 29 структураны кошкону белгилүү болгон. Бир күн мурун Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрү да Орусияга каршы санкциялардын бешинчи пакетин макулдашкан. Чектөөлөр, атап айтканда, ишкерлерге, журналисттерге жана аскерлерге таасирин тийгизет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости