www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүн кеңейтүү ишинин алкагында жол четиндеги бак-дарактар кыйылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдирди.

Аталган көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен толугу менен реконструкцияланып, эки четине тротуар, жарыктандыруу жана жышылдандыруу иши жүрөт.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен жергиликтүү бюджетти үнөмдөө максатында жолду кеңейтүү ишинин айрым жумуштарын мэриянын алдындагы жана мамлекеттик мекемелер жасайт.

Ал эми негизги жумуштарды, тагыраагы жолго асфальт төшөө, тротуар куруу, темир-бетон арыктарды жаткыруу сыяктуу жумуштарды тендерден уткан “Жалалбат АБЗ” ААК жүргүзөт.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос Таевдин белгилөөсүндө жолдун жалпы узундугу 1100метрди түзүп, учурда унаалар жүрүүчү жол 8метр. Ал эми реконструкциялоонун алкагында жолдун негизги бөлүгү 12метрге кеңейтилип, эки четине тротуар курулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости