www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагында Ысык-Көл облусунда 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭСти куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Документке министрлер кабинетинин атынан энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы кол койгон.

Меморандумга кол коюу аземи «Кыргыз Республикасынын энергетика секторун трансформациялоо» форумунун алкагында өттү.

Маалымдама: «EcoEner» энергетикалык компаниясы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында гана иштейт.

Компания Испания Королдугу, Сербия Республикасы, Гондурас Республикасы, Гватемала Республикасы, Доминикан Республикасы, Панама Республикасы, Колумбия Республикасы, Эквадор Республикасы, Кения Республикасы, Грузия сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү иш алып барууда.

Уюм жалпы кубаттуулугу 355 МВт жана иштелип жаткан 1522 МВт кубаттуулуктагы станцияларга ээ. Компания электр энергиясын өндүрүүдө алдыңкы дүйнөлүк технологияларды жана заманбап жабдууларды пайдаланат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости