www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Кыргызстанда кырдаал оор. Коронавирус дартынын өөрчүп жайылып бара жаткандыгына байланыштуу бүгүн, 24-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырган. 
Учурда жалган маалымат тараткан бир нече жарандар кармалды. Так ушул тапта Кочкор районунун Теңдик тургуну Турарбек Ибраев кармалып кыргыз элинен кечирим сурады

Социалдык тармактарда ИИМ менен УКМК, күч органдарына алкыш айтып жатышат. 
Ал эми жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 
Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости