www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноябрдын башында Нур-Султанга учуп келген Украинанын инфраструктура министри Владислав Криклий баштаган делегация мүчөлөрү Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолуга алышкан эмес. Буга меймандардын коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тестинин мөөнөтү өтүп кеткендиги себеп болгон.

Криклий Казакстанга ноябрдын башында келип, өлкөлөрдүн Индустрия жана инфраструктура министрликтеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол койгон. Украинанын делегациясы казак өкмөт башчысы менен 12-ноябрда жолугуп, өлкөлөр ортосундагы соода көлөмүнүн кескин азайышын талкуулашмак. Бирок аларды премьер-министрдин орун басары Роман Скляр кабыл алган.

Криклий алгач Мамин менен жолугушуу 10-ноябрга белгиленгендиктен, украин делегациясы 6-ноябрда коронавируска каршы тест тапшырганын, Казакстанга келгенден кийин жолугушуу эки күнгө жылып калганын билдирди.

Ал ортодо Украинада Путиндин өкүл баласы Виктор Медведчукка байланышы бар экени айтылып жүргөн орусиячыл ЖМКлар тест жыйынтыктарынын мөөнөтү гана өтпөстөн, алар жасалма болгонун да билдирип чыгышты. Министр мындай маалыматтарды четке кагып, аларды «сандырак кеп жана жалган» деп атады.

Быйыл май айында Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков да коронавируска байланыштуу Москвадагы парадга ардактуу конок катары катыша алган эмес. Буга Москвага учуп барганда кыргыз делегациясы коронавируска анализ тапшырып, экөөнүкү таза эмес болуп чыккандыгы себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости