www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Акун" пансионатында эс алып жүргөн КТРКнын журналисти Адилет Чубаков Улан Эгизбаевди суудан алып чыгышканда көргөн, бирок тааныган эмес. Ал ошол учурда Эгизбаев экенин тааныбай ,“Акун” пансионатындагы шалаакылык, сугалактык, куткаруучулардын жоктугу тууралу видеотасма тартып баяндап жатканда, арткы планда Улан Эгизбаевди ооруканага алып кетип жатышкан врачтар видеокадрга түшүп калган.

“Эмнеге сууга чөккөндөр көп катталып жатат?  “Акун” пансионатында жаңы эле бир окуя болду. Пляжга киши башына 300 сомдон алып киргизип жаткандан кийин куткаруучуларды дагы коюш керекпи? Бирок пансионаттын кызматкери же куткаруучу 15 минута өткөн соң келди жээкке!!! Азыр баланы “тез жардам” алып кетти эс учун жоготкон абалында. Жараткан амандыгын берсин. Бул жерде кирүү акысына 300 сом алып жаткан “АКУН” пансионатынын жоопкерчилиги канчалык?

Жан дүйнөм жанчылып турат! Сени суудан көтөрүшүп чыгып, маңдайында карап отуруп тааныбай калдымбы? “Улан” деп арасынан бирөө айтса, жүзүңө тигилип карап ЖОК дегем. Ыйманы саламат болсун!” – деп жазат журналист Адилет Чубаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости