www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар жекшемби өлкөнүн келечеги деп митинг өткөргөн жарандык активист Улан Үсөйүндүн негизги максаты кандай? Ал Кыргызстанды биротоло жок кылуу үчүн Батыштын саясатын колдоп жатат деген сөздөрдүн чын болгонубу?

Коомчулукта тескери пикирди жаратып, элдин атын жамынып, бийликке жеке кызыкчылыктарды айтып жүргөн Улан Үсөйүн бүгүн Садыр Жапаровдун башкаруусуна сын тага баштады.

Ал буга чейин Райым Матраимовду ар кандай жолдор менен каралап, ал тууралуу туура эмес маалыматтарды жайылтып келген. Анысы аз келгенсип, борбор калаада ар жекшемби митинг өткөрүп жүрөт.

Белгилей кетсек, өткөн жекшембидеги митингинде ал Өндүрүш Токтонасыровду аял кылып кийинтип, боентуп жада калса парик кийгизип бүтүндөй кыргыз элине шылдың кылган болчу.

Бул боюнча саясатчы Надира Нарматова жана Чолпонбек Абыкеев аттуу-баштуу инсандар «Улан Үсөйүнгө окшогон Батышчылдар өлкөдөн чыгып кетмейин же аларга катуу чара көрүлмөйүнчө Кыргызстан алдыга жылып, өз алдынча өсүп-өнүгө албайт» - деп айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости