www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Толкунданып жатам, ушундай кырдаалда премьерликке ким келет деп ойлоп жүргөм», - деп билдирди бүгүн, 1-февралда парламенттин жыйынында.

«Жаңы шайланган Садыр Нургожоевич менен жана сиздердин (депутаттардын) жардамы менен өлкөдөгү саясий кырдаалды алып кете алабыз деп ишенем. Өлкөнү алга сүрөөгө болгон күчүмдү жумшайм», - деди Марипов.

Андан кийин Улукбек Марипов депутаттарга өзүнүн эмгек жолу тууралуу айтып берди.

Улукбек Марипов: «Премьерликке ким келет деп толкунданып жатам»

Премьер-министрлик кызматка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы жаңы өкмөттүн курамын карап жатат. Мариповдун талапкерлигин «Республика — Ата-Журт» фракциясы сунуштаган.

Көпчүлүк коалиция көрсөтүлгөн талапкерди жактырса бул маселени тиешелүү комитет карайт, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Марипов Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости