www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов: «Бардык тармакта кыскартуулар болот»

Премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов бардык тармакта кыскартуулар болорун айтты. Ал парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырыларын билдирди.

«Алдыбызда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турат. Жогорку Кеңеш менен биргеликте аталган багыттарда жигердүү иш алып барабыз. Башкаруу системасында реформалар жүргүзүлөт. Энергетика тармагында бирөө өндүрүп, бирөө ташып, бирөө элге тараткан түзүмдөрдө оптимизация жүргүзүлөт», — деди Улукбек Марипов.

Улукбек Марипов мамлекеттик кызматта иштегенине 20 жыл болгонун, бул аралыкта бир да партиянын мүчөсү болбогонун айтты.

Эгер өкмөттүн башына келсе, өлкөнүн чарбалык-экономикалык иштери менен алек болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Улукбек Мариповдун талапкерлигин «Республика-Ата-Журт» фракциясы сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости