www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Елизавета II коронавирустан коркуп сыйлыктарды кол капчан тапшырды.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Елизавета II узун ак кол кабын кийип алып, 3-март күнү Букингем сарайында падышачылык сыйлыгын тапшырган. Ошондон кийин аны жалпы коомчулук сынга алган. Кээ бир Батыш ЖМКлары ханышаны 94 жашка чыккандыгын айтып, ал коронавирустан сактануу максатында кийип алган деп жазып чыгышты. Анткени COVID-19 вирусунан каза болгондордун басымдуу бөлүгү жашы өтүп калган адамдар.Картинки по запросу "Елизавета II"
Белгилей кетсек, ушул тапта Улуу Британияда коронавируска кабылгандардын саны 51ге жетти. Ушул тапта бул өлкөдө көз жумгандар дагы, сакайып кеткендер дагы каттала элек.

Эске сала кетсек, Кытайдын Ухань шаарынан тараган вирус дүйнөнүн 70 мамлекетине жайылып кетти. Вирусту жуктургандардын жалпы саны 90912 адамга жетсе, ал эми каза болгондордун саны 3миңден ашты. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү жашы өтүп калган адамдар экени айтылууда.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости